Финансы министрлиги 2026-жыл үчүн такталган республикалык бюджеттин долбооруна түшүндүрмө кат боюнча, мамлекеттик башкаруу секторунун активдерин баалоо үчүн 222,74 млн сом бөлүүнү карап жатат. Бул каражаттар көз карандысыз баалоочу компаниялардын кызматтарына жумшалат.

Министрликте белгиленгендей, бул каражаттар мамлекеттик башкаруу секторунун активдерин инвентаризациялоо жана алардын реалдуу рыноктук наркын аныктоо үчүн жумшалат. Мындай кадам өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында жасалууда.

Аталган иш-чаралар республикалык бюджеттин кошумча түшүүлөрүнүн эсебинен ишке ашырылат.

824,3млрд сом
2024май айындагы мамлекеттик активдердин көлөмү