Интернет мейкиндигинде 24.kg маалымат агенттигинин расмий логотиби жана визуалдык стилин колдонгон жасалма билдирүүлөр кайра пайда болду.

Бул жасалма публикациялар аркылуу алдамчылар колдонуучуларды жаңылыш маалымат менен адаштырып, ар кандай алдамчылык аракеттерин жүргүзүүгө аракеттенишүүдө.

Колдонуучулар мындай шекдүү маалымат булактарынан алыс болууга, расмий 24.kg сайты жана анын социалдык баракчаларынын гана мазмунуна ишенүүгө чакырылат.