Азык-түлүк базарын башкарууну жакшыртуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү складдык мүмкүнчүлүктөрдү бир жерден көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Евразия экономикалык комиссиясынын пресс-кызматынын билдирүүсүнө караганда, жаңы маалыматтык ресурс айыл чарба продукцияларын сактоочу объекттер тууралуу маалыматтарды бириктирет.
Бул механизм ЕАЭБдин агроиндустриясын өнүктүрүү картасынын алкагында түзүлүүдө. Түзүлгөн база элеваторлор, муздаткычтар жана жемиш-жашылча сактоочу жайлар боюнча маалыматтарды чогултуу, жүргүзүү жана жаңылоо эрежелерин өзүнө камтыйт.
Комиссия тарабынан бул маалыматтарды колдонуу складдык мүмкүнчүлүктөрдүн ачыктыгын жогорулатууга жана логистиканы эффективдүү уюштурууга жардам берет деп күтүлүүдө. Ошондой эле, чогултулган маалыматтар азык-түлүк менен камсыздоо чөйрөсүндө маанилүү чечимдерди кабыл алууда колдонулат.
Маалыматтык системаны ишке ашыруу «Евразия экономикалык жолу» декларациясын ишке ашыруу боюнча жол картасы аркылуу каралган. Бул документ союздагы өнүгүү багыттарын 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилге аныктайт.






