Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында "5200" ишеним телефону аркылуу жалпысынан 3480 жаран кайрылган. Бул кызмат аркылуу жарандар зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрү жана оор турмуштук кырдаалдар боюнча жардам алышат.

Министрлик белгилегендей, бул ишеним телефону мамлекеттик социалдык буйруктун алкагында иш алып барып, жарандарга тынымсыз колдоо көрсөтөт. Кызмат психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүүгө багытталган.