Социалдык тармактарда айылдык аймактарды өнүктүрүү үчүн жылдык 1,5% чен менен кредит берилет деген маалыматтар тарап жатат. Бул боюнча Экономика жана коммерция министрлиги тактоо киргизди.

Министрликке бул кредиттерди алуу тартиби жана шарттары боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүп жаткандыгын белгиледи. Бул түшүнбөстүктөр Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында берилген маалыматтын туура эмес чечмеленишинен келип чыккан.

2026-жылдын 26-ноябрында өткөн жыйында Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Чоро Сейитов «Коомчулуктун демилгелери боюнча улуттук долбоорду» каржылоо үчүн кошумча каражаттарды тартуу тууралуу маалымат берген.

Аныктама боюнча, сөз жарандарга жеке кредит берүү программасы жөнүндө эмес, айылдык аймактардын инфраструктурасын жана экономикалык демилгелерин колдоо үчүн каражаттарды тартуу жөнүндө болуп жатат.

20 млн доллар Кошумча каржылоо

Бул каражаттар «Коомчулуктун демилгелери боюнча улуттук долбоорду» ишке ашыруу үчүн тартылат.

Каржылоонун шарттары төмөндөгүдөй:

  • Каржылоо булагы: Дүйнөлүк банктын Өнүктүрүү боюнча эл аралык ассоциациясы
  • Мөөнөтү: 25 жыл
  • Жеңилдетилген мөөнөтү: 5 жыл
  • Жылдык чен: 1,5%