Кыргызстандын Премьер-министри Адылбек Касымалиев Евразиялык туруктуулук жана өнүгүү фондунун (ЕФСР) Башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап эки инвестициялык долбоорду колдоонун маанилүүлүгүн жана кызматташуунун келечегин талкуулашты. Бул долбоорлор Ош облусунда суу жетишсиздигин жоюу жана Камбар-Ата ГЭС-2нин суу төгүүчү жайын курууну камтыйт.
Адылбек Касымалиев ЕФСРдин энергетика тармагындагы колдоосун жогору баалап, Токтогул ГЭСинин реконструкциясы менен 240 мегаватт кошумча кубаттуулукту жана Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги экинчи гидроагрегаттын киргизилиши 120 мегаватт кубаттуулуктун өсүшүн мисал келтирди.















