Британдык Childlight — Global Child Safety Institute институтунун маалыматы боюнча, акыркы эки жыл ичинде балдардын жасалма сүрөттөрү (дипфейк) 8400 пайызга өстү. Мындай контентти түзүү үчүн адамдарды сүрөттөрдөн виртуалдык түрдө чечкенге мүмкүндүк берген тиркемелер колдонулууда.

жасалма материалдар4,7 миң400 миң +8411%

Кылмышкерлер бул жасалма сүрөттөрдү балдарды шантаждоо, акча талап кылуу же интимдик сүрөттөрдү алуу үчүн курал катары колдонушу мүмкүн. Сүрөттөр чыныгы эмес болсо да, алардын психологиялык жана социалдык кесепеттери өтө олуттуу.

Internet Watch Foundation (IWF) фондунун маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле жасалма интеллект аркылуу жасалган 6 310 сүрөт табылган. Бул көрсөткүч 2025-жылдын жалпы жыйынтыгынан 40 пайызга жогору.