Депутат Дастан Бекешев TikTok'ту Кыргызстанда ачып берүүнү кайрадан сунуштады. Ал бул маселени парламентте көтөрүп, платформанын өлкөнү жарнамалоого жардам бере турганын айтты.
Бекешевдин айтымыша, Бүткүл дүйнө көчмөн оюндары өткөрүлүп, «Бишкек Арена» ачылгандан кийин, туристтер жана кыргызстандыктар TikTok'то өлкөнү жарнамалай турган көптөгөн контент жарыялап келишкен. Ошондой эле, бул аянтчаны ишкерлер колдоно алышат.
Бекешев TikTok'ту ачуу маселесин көтөрүп, бул платформанын Кыргызстандын маданиятын жана ири окуяларын дүйнөгө көрсөтүүгө жардам бере турганын белгиледи. Ал бул аянтчанын ачылышы ишкерлердин товарларын жарнамалоосуна да мүмкүнчүлүк бере турганын кошумча түшүндүрүп чыкты.
















