Россияда жашаган кыргызстандык Н. уулу М. өзүнүн төлөнбөгөн айлык акысын алуу үчүн кайрылган. Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү бул маселени чечүүгө көмөктөшүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзгөн.
Өкүлчүлүктүн ишинин натыйжасында «Протекинком» ЖЧКсы жаранга болгон карызын толук көлөмдө төлөп берди.






