Президент Садыр Жапаров Чүй районунун 2021-2026-жылдар аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ишке ашырылган жана келечектеги инвестициялык долбоорлор, ошондой эле инфраструктуранын өнүгүүсү боюнча маалымат менен таанышты.
Маалыматка ылайык, аймакта 202 гектар жерден турган өндүрүш зонасын түзүү каралган. Бул зонанын алкагында жаңы ишканаларды куруу аркылуу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү максат кылынган.
Чүй районундагы долбоорлордун көрсөткүчтөрү
Жаңы ишканалардын иштеши үчүн зарыл болгон керектүү инфраструктураны түзүүгө 600 миллион сом жумшоо пландалууда.











