Көргөзмөгө фермерлер, өндүрүүчүлөр, кайра иштетүүчүлөр жана агрардык бизнес өкүлдөрү катышат. Алар өз продукциясын көрсөтүп, ишкер өнөктөштөрдү таап, кызматташуу келечегин талкуулап, айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы технологиялар менен тааныша алышат.

Айыл чарба техникасынан космос технологияларына чейин

Бул жылы көргөзмөнүн өзгөчөлүгү — айыл чарбасындагы санариптештирүү, илим жана инновацияларга арналган өзүнчө аянтча. Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ситуациялык аналитика жана изилдөө башкармалыгынын жетекчиси Эрбол Замирбековдун айтымында, келгендер жайыттарды жана айыл чарба жерлерин көзөмөлдөөчү мультиспектралдык дронду, ошондой эле фермерлер үчүн иштелип чыккан санарип платформаларды көрө алышат.

Мындан тышкары, көргөзмөдө Кыргызстандын Улуттук спутнигинин прототиби көрсөтүлөт. Космос технологияларын колдонуу айыл чарба жерлеринин абалын көзөмөлдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Эки дрон жана спутник

Минсельхоздун басма сөз кызматы билдиргендей, көргөзмөдө кыргыз спутнигинин прототибинен тышкары эки дрон көрсөтүлөт. Биринчиси жаан-чачынды жасалма чакырууга арналган: ал булуттарга реагенттерди чачат. Экинчиси мультиспектралдык, жайыттардын абалын жана алардын деградация деңгээлин баалайт.

Продукциялар жеткиликтүү баада

Жармаңкеде продуктылар социалдык баада сатылат, фермерлер жана кайра иштетүүчүлөр товарларды ортомчуларсыз түздөн-түз сатышат. Асыл тукум мал чарбачылыгы бөлүмүндө швиц, симментал жана абердин-ангус породасындагы уйлар, гиссар койлору жана арашан көрсөтүлөт. Өзүнчө балык чарбасы тууралуу айтылып, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн органикалык продуктылары көрсөтүлөт.

Ошондой эле, конокторго iDiykan фермерлер үчүн санарип платформасы тааныштырылат.

Иш-чаранын программасы

  • Дата: 23-25-октябрь
  • Өтүүчү жер: Т. Усубалиев атындагы аянт, Бишкек
  • Убактысы: күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин

Иш-чара айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналып, айыл чарба тармагындагы акыркы жетишкендиктерди көрсөтүүгө багытталган.