Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММБТ) 113 ичкер линиясына жарандар көп учурда стационарларга жаткыруу үчүн үй-бүлөлүк дарыгердин багыттоосу керекпи же өз алдынча кайрылууга болобу деген суроолор менен кайрылышат. Ведомствонун маалыматы боюнча, бул медициналык жардамдын түрүнө жана адамдын ден соолугунун абалына түздөн-түз көз каранды.
Өткүрүүчү медициналык жардам — багыттоосуз
Эгерде адамдын абалы тез арада медициналык кийлигишүүнү талап кылса жана өткүрүүчү жардам зарыл болсо, анда медициналык кызматтар бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт. Бул кызмат көрсөтүү учурунда ММБТ полисинин болушуна же дарыгердин багыттоосуна карабастан, бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген абалдан чыкканга чейин жүргүзүлөт.
Пландуу медициналык жардам — белгиленген тартипте
Эгерде ден соолуктун абалы тез арада кийлигишүүнү талап кылбаса, анда алгач жаран катталган Үй-бүлөлүк медицина борборуна же Жалпы дарыгердик практика борборуна өзүнүн үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылуу сунушталат. Үй-бүлөлүк дарыгер текшерүү жүргүзүп, изилдөөлөрдү дайындайт жана зарыл болсо, стационарда дарылануу үчүн адистерге консультация алууга багыт берет.
Багыттоосуз кайрылуунун кесепети
Эгерде бейтап өткүрүүчү жардамга муктаж эмес болсо жана дарыгердин багыттоосусуз өз алдынча стационарга кайрылса, анда ал кошумча төлөм жүргүзүүгө милдеттүү. Мында жарандын жеңилдиктери же ММБТ камсыздандыруусу болсо да, төлөм максималдуу деңгээлде алынат.










