Мамлекеттик башкарууну реформалоо алкагында бюрократиядан арылтуу маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул иш-чаралар жарандардын жана ишкерлердин күнүмдүк жашоосун жеңилдетүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директорунун орун басары Тимур Абылаев бюрократиядан арылтуунун маңызын түшүндүрүп берди.

Бюрократиядан арылтуу – бул биринчи кезекте мамлекеттин адамдарга болгон мамилени өзгөртүү деген эле сөз. Тагыраагы, мамлекеттик органдардын жөнөкөй, тез жана натыйжалуу иштеши, ал эми жарандар жана ишкерлер ашыкча талаптарга, керексиз тастыктама кагаздарын, узакка созулган макулдашууларга жана кайталанган убарагерчиликтерге туш болбошу керек.
Тимур Абылаев

Анын айтымында, бул реформа жөн гана документтердин санын азайтуу менен чектелбейт. Негизги максат – мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу жана негизсиз административдик тоскоолдуктарды жоюу.

Аткарылып жаткан алгачкы иштер

Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча алгачкы кадамдарды аткаруу максатында төмөнкү багыттарда иштер башталган:

  • Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо
  • Мыйзамдарды өркүндөтүү
  • Административдик жолжоболорду жөнөкөйлөтүү