Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетин макулдашты. Бул боюнча сүйлөшүүлөр бир нече жумага созулган.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги себеби – Евробиримдикке мүчө-мамлекеттер Орусиянын суюлтулган жаратылыш газын (LNG) ташууга чектөөлөр боюнча бир пикирге келе албагандыгы. Греция толугу менен тыюу салууга каршы чыккандыктан, Брюссель компромисске барып, үчүнчү өлкөлөргө ташуу мүмкүнчүлүгү сакталып калган.
Санкциялардын негизги чектөөлөрүнүн бири – Орусиянын мунайынын баасына коюлган “чекти” дагы 12 айга узартуу.
Ошондой эле, 21-пакетке жеке жана юридикалык жактарга, жүздөн ашык банктарга жана криптооператорлорго, “көмүскө флот” деп аталган кырктан ашык кемелерге, Орусия жана Беларустун мунай иштетүүчү ишканаларына, ошондой эле аскердик-өнөр жай комплексинин элүүдөн ашык уюмдарына каршы санкциялар киргизилген.
Бул акыркы төрт жылдагы эң чоң санкциялык пакет болуп эсептелет. Санкциялык уюмдардын толук тизмеси азырынча белгисиз, ага Кыргызстандын компаниялары да кириши мүмкүн.




