«Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында өткөрүлөт.
Иштер 13-октябрдан 16-октябрга чейин күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Ушул убакыт аралыгында жол жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.
Эгерде 30–40тан ашык унаа топтолсо, иштер убактылуу токтотулуп, транспорт өткөрүлөт. Айдоочулардан маршрутту алдын ала пландаштыруу суралат.
Бул чаралар жол коопсуздугун камсыздоо жана мүмкүн болгон кырсыктарды алдын алуу максатында көрүлүүдө.












