Бишкектин борборунда Жаңы жылдык майрамга даярдык көрүү иштери жүрө баштады. Азыркы учурда Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Шаардык мэриянын билдирүүсүнө ылайык, балатыны орнотууга «Тазалык» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери тартылды.
Башкы балатынын металл каркасына үч миң сегиз жүз даана ийне жалбырактуу дарактын бутагы бекитилет. Шаардын борбордук бөлүгүн майрамдык жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин улана берет.






