Бишкек шаарында Чингиз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жер астындагы өткөөлдүн тепкичтери жаңыланып жаткан маалда эле бузула баштады.

Тургундар ремонт иштери толук бүткөн эмес экенине карабастан, жаңы тепкичтерде сколдор пайда болгонун айтышууда. Бул жагдай аларда тынчсыздануу жаратып, сапаттуу иштердин аткарылышын талап кылышууда.

Жергиликтүү калк жооптуу кызматкерлерден иштерди кайрадан текшерип, кемчиликтерди жоюуну өтүнүүдө.