Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатында саат 10:30дар чамасында өрт чыккан. Өрттин себеби катары ошол учурда жүрүп жаткан ширетүү иштеринде 5 литрлик уайт-спирит куюлган идиштин от алышы көрсөтүлүүдө.
Өрт тез арада өчүрүлүп, эч ким жабыркаган жери болгон жок. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура мамлекеттик департаментинин адистери билдиришти.
Өрт чыккандыктан аталган курулуш компаниясы ОсОО "Премиум Хоум" кескин чараларды колдонууга, өрт коопсуздугу боюнча катуу талаптарды сактоого жана кызматкерлерге ишенимдүү нускамаларды берүү боюнча талаптарга эриши керектиги айтылды.
Ошондой эле компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды жана ишти токтотуу чаралары каралып жатат.
Өрт тууралуу маалыматтар









