Бишкек шаарында 24-июлдан тарта Васильев трактысынын Комсомол айылына бурулуштан баштап Фучик көчөсүнө чейинки аралыкта реконструкциялоо иштеринин кезектеги этабы башталат. Бул алтынчы этап болот.
Оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда жол кыймылы толугу менен жабылбайт. Унаа каражаттары эки тарапка тең жүрүү мүмкүнчүлүгүн сактоо менен, карама-каршы тилке аркылуу өткөрүлөт.



