Бишкек шаарында 20-ноябрда ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу боюнча бир жолку акциянын биринчи күнү аяктады. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.
Акциянын алкагында борбор шаардын төрт районунда «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иштешти. Алар эски эмеректерди, керексиз ири буюмдарды, түшүп калган жалбырактарды жана бак-дарактардын кесилген бутактарын жыйнап, чыгаруу иштерин жүргүзүштү.
Техникалардын калган бөлүгү самосвалдардан түзгөн. Акциянын экинчи жана акыркы күнү 21-ноябрда борбор шаардын бардык райондорунда улантылат. Таштандыларды чыгаруу саат 09:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.




















