Бишкекте 2007-жылы туулган жигит кармалды. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Орусиядан баңгизат алып, Кыргызстанда таратып жүргөн.
Кармоо учурунда андан кондитердик азыктардын ичине жашырылган ири өлчөмдөгү заттар табылды. Мындай ыкма баңгизатты байкатпай өткөрүү үчүн колдонулган.
Ошол эле учурда Орусияда 1984-жылы туулган аял кармалды. ИИМдин маалыматы боюнча, ал баңгизатты Кыргызстанга кондитердик азыктардын, тиричилик техникасынын жана кадимки посылкалардын ичине жашырып жиберген.
Азыр укук коргоо органдары бул схеманын башка мүмкүн болгон катышуучуларын издеп жатышат.
Кармалгандар










