Ленин РИИБ 35 жаштагы Дмитрий Шевелевдин дайынсыз жоголгонуна байланыштуу издөө жарыялады. Маалыматка ылайык, жаран психикалык оорусу менен ооруйт.
Милициянын берген маалыматы боюнча, Дмитрий Шевелев 2-августта болжол менен саат 17:00 чамасында Литвинов көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын атасы уулу жоголгондугу тууралуу арыз менен 4-августта укук коргоо органдарына кайрылган.
Ленин РИИБ Дмитрий Шевелевдин жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды милицияга кайрылуусун өтүнөт. Байланыш телефондору:
- нөөмөт бөлүм: 0312352605
- байланыш үчүн: 0705450553










