Ленин районунун ички иштер бөлүмү 22 жаштагы Тимурлан Жоомарт уулу боюнча издөө иштерин улантууда. Ал 2004-жылы туулган.
Маалыматтарга караганда, 2-августта саат 10:30 чамасында Тимурлан Asia Mall соода борборунан чыгып кеткенден бери кайтып келген эмес.
Бул окуя Ленин райондук ИИМдин АИС ЖУИ системасына катталган жана тиешелүү издөө иш-чаралары жүрүүдө.
Изделип жаткан өспүрүмдүн сүрөттөмөсү
- Бою: 160-165 сантиметр ортосунда
- Чачы: кыска, кара түстө
- Дене түзүлүшү: орточо
Чыгып жаткан учурда Тимурлан ак футболка жана кара шым кийип жүргөн.
Ленин районунун ички иштер бөлүмү бардыгын ал тууралуу маалымат болсо, тез арада төмөнкү телефон номерлерге кайрылууга чакырат:
- 0312 35 26 05
- 0312 35 12 70
- 0224 21 346









