Бишкекте 10-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорт аренасында жаңыланган жеңил атлетика чуркоо жолунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ремонт эки жылдан ашык убакытка созулду. Эски жабуу абдан эскирип, толук кандуу машыгууларга тоскоолдук жараткан. Азыр объект эл аралык стандарттарга жооп берет жана профессионал спортчуларга гана эмес, борбор калаанын тургундарына да жеткиликтүү болот.

Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын — президенттин администрациясынын жетекчисинин кеңешчиси Медетбек Букуев, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин кызматкерлери, Жеңил атлетика федерациясынын өкүлдөрү, белгилүү спортчулар, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышты.

Иш-чаранын алкагында куттуктоолор айтылып, майрамдык программа уюштурулду.

Жаңы технологиялар жана эл аралык талаптар

Жаңыланган чуркоо жолу швейцариялык CONICA брендинин технологиялары колдонулуп жасалган заманбап жабуу менен жабдылган. Объектте атайын белгилер түшүрүлүп, бардык жеңил атлетика секторлору даярдалды. Чуркоо жолдорунун саны сегизден тогузга көбөйтүлдү.

Белгилер World Athletics эл аралык уюмунун талаптарына толугу менен жооп берет. Бул өлчөөлөрдүн тактыгын жана жеңил атлетика боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн белгиленген стандарттардын сакталышын камсыздайт.

Бишкектин тургундары жаңыланган аренада акысыз чуркоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Шаардыктар жолду күн сайын эртең мененки саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечки саат 18:00дөн 21:00гө чейин колдоно алышат. Калган убакытта объект профессионал спортчулар үчүн иштейт.

Биринчи сыноо — мелдеш

Жаңы жабууну биринчи болуп жеңил атлеттер сынап көрүштү: алар чуркоо, узундукка секирүү жана ядро түртүү боюнча мелдештерге катышты.

Стадион World Athletics эксперттеринин инспекциясынан өттү. Эми эл аралык сертификаттын алынышы күтүлүүдө, ал дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө мүмкүндүк берет.