Бишкек шаарында Абдрахманова көчөсүнүн Боконбаева жана Кулатова көчөлөрүнүн ортосундагы путепроводдо ремонт иштери жүрүүдө. Бул иштердин алкагында путепроводдун таман бөлүгү жабылып, жылуулук тармагынын инженердик коммуникациялары орнотулууда.
Бул оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн саат 18:00дөн тартып дүйшөмбү күнгө чейин Абдрахманова көчөсүндө түштүк багыттагы бир тилке жол жабылат. Жолдун жабылышы Боконбаева көчөсүнөн Кулатова көчөсүнө чейинки участокто ишке ашат.
Жол кырсыктарын алдын алуу жана кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында айдоочуларга алдын ала башка маршруттарды пландаштырууну сунушташууда. Ошондой эле жолдордо орнотулган убактылуу белгилерди жана жол кыймылын жөнгө салуучу кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл.











