Бишкекте өткөрүлгөн тегерек стол
Экономика
Бишкекте Кыргызстандагы санариптик жумуш орундары боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды
Бишкекте Кыргыз Республикасындагы санариптик жумуш орундарынын жаңы формалары жана санариптик кесиптер боюнча изилдөөнүн жыйынтыгын талкуулоого арналган тегерек стол өткөрүлгөн. Жумуш берүү, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, санариптик трансформация жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачса да, анын укуктук жөнгө салынууну жана кызматкерлердин социалдык корголугун жакшыртууну талап кылат.


















