Бишкекте коляскага отуруп, элден милостык сураган киши милиция кызматкерлери тарабынан кайрадан кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ИИМдин маалыматында билдирилди.

Буга чейин социалдык тармактарда майыптык коляскасында отуруп, акча сураган киши жөнүндө видеолор таралып, анын чындыгында өз алдынча жүрө алары айтылган болчу.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, бул инсан мурда да бөлүмгө алып келинип, Кыргыз Республикасынын Кодексинин 126¹ «Сураныччылык кылуу» беренеси боюнча протокол түзүлгөн.

Бирок, мыйзам бузууларды кайталабоо боюнча эскертүүлөрсүнө карабай, ал кайрадан элден акча сурап жүргөн. Натыйжада, милиция кызматкерлери аны кайрадан ИИМге алып келишти.

Анын чет мамлекеттин жараны экени аныкталды. Учурда ага карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды, анын ичинде аны өлкө чегинен чыгаруу маселесин карап жатабыз.
Милиция кызматкерлери