Кыргызстандын коргоо министрлигинин экс-биринчи орун басары Мурат Бейшенов Номад ТВ каналына берген маегинде ОДКБнын өлкөнүн жана Борбордук Азиянын коопсуздугун камсыз кылуудагы ролу жөнүндө айтып берди.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин реалдуу коркунуч жаралган учурда биргелешкен аракеттерге канчалык даяр экени жана ОДКБнын кезектеги жыйынынын Кыргызстан үчүн мүмкүн болгон натыйжалары талкууланды.
Ошондой эле Армениянын ОДКБ менен болгон мамилелерине өзгөчө көңүл бурулду. Анда Никола Пашиняндын саясаты жана анын Москва менен Брюсселдин ортосундагы өз ара аракеттенүүсү каралды.









