19-августта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Театр алдыга умтулат" аттуу программа сунушталат. Бул иш-чара Сеул искусство жана маданият фонду (SFAC) тарабынан уюштурулуп, эл аралык маданий алмашуунун бир бөлүгү болуп саналат.
Бул программаны жүзөгө ашыруу менен Кыргызстандын көрүүчүлөрү Түштүк Кореянын заманбап театр искусствосунун жаңы багыттары менен жана корей артисттеринин чыгармачылыгы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат.
Бишкек шаарында өтүүчү бул театр программасы Сеул, Ташкент жана Астана шаарлары менен бирге эл аралык гастрольдик маршруттун бир бутагы болуп саналат.















