Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө караганда, Исакеев көчөсүндөгү жол-курулуш иштери аяктады. Бул иштер Достоевский көчөсүнөн Виноградная көчөсүнө чейинки бөлүктү камтыйт.

Жаңыланган жолдун узундугу

1100метр
1км

Долбоордун алкагында жолдун бир тарабына сугат системасы орнотулуп, ошондой эле жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуар курулду. Бул курулуш иштерин «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы аткарган.