Бишкек шаарында экс-депутат Эльдар Сулайманов менен Асель Азаматованын үй-бүлөсүндө жаңжал болду. Алардын мурдагы нянясы Айжан Торобаева ур-токмокко кабылып ооруканага жатып калды.

Торобаева өзүнүн ур-токмокко кабылганын 24.kg сайтына билдирди. Ал кандай шартта жана ким тарабынан ур-токмокко алганы тууралуу кенен маалымат берген жок.

Учурда бул окуя боюнча расмий органдардан расмий билдирүү же териштирүү тууралуу маалымат келе элек.