2026-жылдын 26-июлунда Бишкекте Айтиева көчөсүндө жайгашкан дүкөнгө жакын темир тепкичтерге жогорку чыңалуу табылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын авариялык ремонттук бригадасы жерине барган. Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери менен биргеликте темир тепкичтерде электр энергиясы агып жаткандыгы аныкталган.

Ички электр тармагын текшерүүдө дүкөндүн бир бөлүгүндөгү автоматтык өчүргүчтү өчүрүп койгондон кийин да чыңалуунун сакталып калышы байкалган. Кийин экинчи бөлүктүн ээсин чакырып, автоматтык өчүргүчтү өчүргөндө чыңалуу толугу менен жоголгон.

Мэриянын маалымдашынча, чыңалуунун булагы болгон кабелдик жана аба линиялары «Бишкексветтин» балансында эмес жана аталган ишкана аларды тейлөө үчүн жооптуу эмес.

Техникалык алдын ала тыянак боюнча, электр энергиясынын агымы ички электроэнергиянын системынын авариялык бузулушу менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Азыркы учурда окуя боюнча тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.