Бишкек шаарында жайкы каникул мезгилинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн спорттук машыгуулар уюштурулду. Бул тууралуу шаардын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Машыгуу иш-чараларын Физикалык культура жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти СИ жана «Дельфин» аттуу адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектептеринде өткөрөт.
Машыгуу көнүгүүлөрү жумасына эки ирет — шаршембиге караган дүйшөмбү күндөрү жана бейшемби күндөрү саат 12:00дөн 13:00гө чейин өтөт.
Программага активдүү оюндар, топ менен көнүгүүлөр жана бассейнде машыгуу киргизилген. Спорттук инструкторлордун жетеги менен балдар моториканын жалпы жана чоң көндүмдөрүн, кыймыл координациясын өнүктүрүүгө, физикалык активдүүлүктү жогорулатып, ден соолукту чыңдоого багытталган көнүгүүлөрдү аткарышат.
Машыгуу иш-чаралары бүткүл жай мезгили боюнча улантылат.
















