Бишкек шаарынын борборундагы ысык суу берүү 8-август күнү эртең мененки саат 08:30дан баштап кечке саат 21:00гө чейин токтотулду.

Мэриянын маалыматы боюнча, суу өчүрүлүшүнө Фрунзе көчөсүндөгү жылытуу тармактарын реконструкциялоо жана кайра кесүү иштери себеп болду.

Ысык суу токтотулган даректер

  • Баетов көчөсү, 74, 75, 81, 85-даректер
  • Тыныстанов көчөсү, 144-дарек
  • Эркиндик проспектиси, 63, 71, 73-даректер
  • Жумабек көчөсү, 123, 125, 129-даректер
  • Абдрахманов көчөсү, 214-дарек
  • Фрунзе көчөсү, 364/3-дарек

«Бишкектеплосеть» муниципалдык ишканасынын билдирүүсүндө сууну өчүрүү жылуулук тармактарын оңдоо жана переустройство иштерине байланыштуу экени айтылды.