Бишкек шаарында коомдук даараткана куруу боюнча аукцион өткөрүлүп, 12 жер участогу сунушталды. Алардын ичинен ишкерлер үч участкту тандап алышып, алар боюнча келишимдер түзүлдү.
- 7-Апрель менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги участок
- 12-микрорайондо, 62-имараттын жанында жайгашкан участок
- Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги участок
Калган тогуз участок боюнча аукцион кайрадан өткөрүлүп, инвесторлорду табууга аракеттер улантылып жатканын мэрия маалымдады.
Мэрия аукционго кызыккан ишкерлерди катышууга чакырып, кошумча маалыматты расмий сайттан алуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылууда.







