Демократиялык Конго Республикасында 2026-жылы башталган Эбола лихорадкасы акыркы жылдардагы эң чоң өлүмгө алып келген инфекция болушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ) башчысы билдирди.
ВОЗтун башчысы Тедрос Адханом Гебреисус билдиргендей, учурдагы эпидемия 2014-2016-жылдарда 11 миңден ашуун адамдардын өмүрүн алган толкундан да жогору өлүмдүү болуш мүмкүн.
Бул жылы 15-майда расмий жарыяланган лихорадка учурунда азыркыга чейин кеминде 4300 учур катталып, алардын ичинен 2000ден ашуун адам көз жумган.
ВОЗдун Африка боюнча директору Мохамед Джанаби сентябрда өткөн маалымат жыйында вирус менен күрөшүү бизден бир аз артта калып жатканын баса белгиледи. Ал вирус февраль айында жайыла баштап, башында малярия же ич оорусу деп жаңылган диагноз коюлганын айтты.
Бул учурдагы Эбола толкуну бундибугйо деген сейрек вирус түрүнө таандык, ал буга чейин 2007 жана 2012-жылдары эки жолу катталган.
ВОЗ мындай шартта вирус тарашын үч ай ичинде токтотууну максат кылууда, бирок бул лихорадканы толук жоюуну эмес, андан кийинки жайылышын көзөмөлдөөнү билдирет.








