Бишкекте жайгашкан муниципалдык мектеп №56да капиталдык оңдоо иштери активдүү уланууда. Бул мектеп 1971-жылы курулган жана башында 800 окуучу орунга ылайыкташкан.
1989-жылы окуучулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу негизги имаратка кошумча корпус кошулуп, 600 орун дагы көбөйтүлгөн.
Азыркы кезде мектептин имаратында демонтаж жана фасаддын металлдык подсистемасын монтаждоо сыяктуу курулуш иштери жасалып жатат, ошондой эле айлана-чөйрөнү пландоо жүргүзүлүүдө.
Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан бул масштабдуу оңдоо иштери мектепти заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу окуу жайга айлантуу үчүн пландалган.
Оңдоо иштерин ОсОО «Евразия Строй» компаниясы алып барууда.



