Бишкек шаарынын айланасындагы транспорттук кольцо жолдун курулушу жакынкы жылдарда толук бүтөөрү убада кылынууда. Бул долбоор аркылуу Түндүк, Чыгыш жана Түштүк айланып өтүү жолдору туташтырылып, шаардагы транспорттук агым жеңилдейт.

Түндүк айланма жолдун өзгөчөлүгү

Кольцо жолдун эң маанилүү бөлүгү катары Түндүк айланма жол саналат. Анын узундугу 33,4 километрге жетип, Кант аймагынан Кара-Балта трассасына чейин созулат. Учурда бул бөлүктө күнү-түнү курулуш иштери жүрүп жатат.

Азыркы этапта Васильевский трактыndan Кантка чейинки жолдун түштүк бөлүгүндө асфальт түптөөгө басым жасалууда. Учурда 13 чакырымдай асфальт төшөлдү. Андан кийин иштер жолдун түндүк тарабына которулуп, грунт даярдалат да асфальт салуу башталат.

Курулуш жумуштарын China Road and Bridge Corporation компаниясы Кыргызстаннын Транспорт министрлигинин тапшырмасы менен жүргүзүүдө.