Ош шаарында жол кырсыгы болду: №13 маршруттук автобустун айдоочусунун кан басымы көтөрүлүп, унаа башкаруудан чыгып, жолдон түшүп кеткен.
Кырсык 10-июль күнү Бекмамата Осмонова көчөсүндө, күн ортодо катталган.
Айдоочунун кан басымы көтөрүлүп, көзүнүн алды караңгыланып, ошол себептүү башкаруу жөндөмүн жоготкон.
Кырсыктын натыйжасында эки кичинекей бала жабыркап, тез жардам аркылуу ооруканга жеткирилди.
Башка жүргүнчүлөр аман-эсен чыгып, жабыркагандар болгон эмес.










