16-июлда «Иссык-Көл» эл аралык аэропортуна Баткенден түз келген алгачкы авиарейс конду. Бул — эки облустун ортосундагы түз түз байланышты камсыз кылган маанилүү кадам.
Баткенден ушул күнү келген рейсте 77 адам келип, жүргүнчүлөр учуунун болжол менен 1 саат 15 мүнөт экенин белгилешти.
Учууга билеттин баасы бир тарапка 6500 сомду түзүп, азырынча рейс жумасына бир ирет, тактап айтканда бейшемби күндөрү аткарылат.









