Баткен облусунун Чалкой аймагында катуу муз жана кар массасы тоодон көчүп түшкөн.
Бул көрүнүш жергиликтүү тургун тарабынан видео тасмага тартылып, аймакта коркунучтуу абал болушу мүмкүндүгү тууралуу кабарланып жатат.
Азырынча бул окуядан жабыркагандар же кыйроо фактылары жөнүндө маалымат берилген жок.









