Женская теннисная ассоциация (WTA) 2026-жылдын 21-июлунан тарта теннис боюнча аял спортчулардын өз jынысын генетикалык тест менен тастыктоо эрежесин киргизет.
Тест SRY генине багытталган. Бул ген адатта Y-хромосомада жайгашып, адамдын эркек жынысына мүнөздүү өзгөрүүлөрдү жана өнүгүүнү камсыздайт.
Тестти тапшыруу үчүн беттин ички тарабынын жылмалагы, кан же синым сыяктуу ыкмалар колдонулат. Спортчулардан аны бир жолу тапшыруу талап кылынат.
Тесттин жыйынтыгы терс болсо гана айым спортчу WTA турнирлерине катышууга мүмкүнчүлүк алат. Оң натыйжада кошумча медициналык текшерүү сунушталат, бирок ал текшерүүнүн деталдары айтылган жок.
Ошондой эле спортчулардан тесттен өтүүдөн баш тартса, аларга санкция колдонулушу мүмкүн деген документке кол коюу талап кылынат.
Мурдагы эрежелер аялдардын турнирлерге катышуусу үчүн тестостерон деңгээлин төмөн кармоону талап кылса, азыркы жаңы талаптар мындай мүмкүнчүлүктү алып салат.
WTAнын бул саясаты спортто адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана аял теннисинин деңгээлин коргоо максатында кабыл алынган.



