Баткен районундагы Самаркандек айылында жаш өспүрүмдөр жана чоңдор үчүн жаңы спорттук мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Аталган аймакта мини-футбол жана волейбол үчүн өзүнчө атайын аянтчалар курулуп, ишке киргизилди.
Turmush маалыматынын кабарлашы боюнча, спорттук объекттерди куруу иштери жергиликтүү тургундардын биринин демилгеси жана спонсордук жардамы менен ишке ашырылган. Бул жаңы аянтчалар айылдагы спорт менен машыгуучу жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Самаркандек айылында болжол менен 6 миң адам жашайт. Аймактын тургундары негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенүүдө.











