Баткен облусунда туризмди өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана жергиликтүү ишкерлерге колдоо көрсөтүү багытында иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы толук өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттигинин директору Эдуард Кубатов Баткенге иш сапары менен барган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы толук өкүлүнүн орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушту.

Алар туристтик тармактын негизги маселелерин жана анын мындан аркы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Андан соң Баткен облусунун администрациясында жергиликтүү ишкерлердин катышуусунда кеңешме өтүп, анда облус жетекчилери менен орун басар Абдирашит Ташбалтаев да катышты.

Кеңешме учурунда туризмди өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери каралды. Ишкерлер өз сунуштарын жана маселелерин бөлүштү.

Жыйындын катышуучулары туризм тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу боюнча пикир алмашышты.