Баткен облусунун тургуну президент Садыр Жапаровдон айылындагы оорукананын курулушун тездетүүнү суранды. Бул тууралуу Nomad басылмасы билдирди. Оорукана чек ара жаңжалында курман болгон тургундун уулунун ысымын алышы пландалууда.
«Министрлерди көзөмөлдөгүлө, талап кылгыла, мага жардам бергиле, ошондо иш бат алдыга жылат»
Тургундун айтымында, курулуш 95% бүткөн, бирок иштер токтоп калган. Курулуш министри Нурдан Орунтаев мурда каржылоо маселеси чечилбегенин, азыр каражат табылганын түшүндүрдү. Курулушту ноябрдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Бул сөз Садыр Жапаровду күлдүрдү. Президент жарандарды иштер тезирээк жүрүшү үчүн министрлерди көзөмөлдөп турууга чакырды.









