НАТО альянсы Россия тарабынан коюлган талаптарды четке кагып, 1997-жылдагы чек араларга кайтуудан баш тартты. Бул тууралуу Берлиндеги НАТО Парламенттик ассамблеясынын жыйынында альянстын Башкы катчысы Марк Рютте айтты.

Рюттенин айтымында, Россиянын НАТОну 1997-жылдагы конфигурацияга кайтаруу боюнча сунуштары альянс өлкөлөрү үчүн кабыл алынгыс болуп саналат.

НАТОдо эч ким муну жакшы идея деп эсептебейт. Мындай чечимдерди НАТО ичинде кабыл алышат, бирок НАТОнун сыртындагы эч ким кабыл ала албайт.
Марк Рютте, НАТОнун Башкы катчысы

Сөз 2021-жылдын декабрь айында Россия тарабынан АКШга жана НАТОго коюлган талаптар жөнүндө болуп жатат. Ошол учурда Москва альянстын кеңейүүсүн, анын ичинде Украинанын эсебинен кеңейүүсүн токтотууну, ошондой эле Европадагы аскерлерди жана курал-жарактарды 1997-жылдын 27-майындагы деңгээлге чектөөнү сунуштаган.

АКШ жана НАТО бул талаптарды четке кагып, ачык эшик саясатына берилгендиктерин ырасташкан. Рютте аскердик инфраструктураны жайгаштыруу маселесинде альянсга мүчө мамлекеттердин гана чечим чыгарууга укугу бар экенин баса белгиледи.

Ошондой эле НАТОнун Башкы катчысы Украинанын альянсга мүчө болуу мүмкүнчүлүгүнө токтолуп, 2024-жылы Вашингтон чогулушунда кабыл алынган Украинанын мүчөлүк жолунун кайтарылгыс экени тууралуу чечим сакталып кала берет. Бирок учурда АКШ сыяктуу бир нече мамлекеттер бул процессти жайлатууда. Рютте согуш аяктагандан кийин Украинага ишенимдүү коопсуздук кепилдиктерин берүү зарыл экенин белгиледи.