Кыргызстанда «Баатыр эне» наамын берүү жол-жобосун «Түндүк» электрондук системасы аркылуу жөнөкөйлөтүү демилгеси көтөрүлдү. Бул сунушту 25-ноябрда өткөн Жогорку Кенештин жыйынында эл өкүлү Алишер Козуев алып чыкты.

Депутаттын пикиринде, процессти санариптик форматка өткөрүү көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлык менен таануудагы административдик тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, Козуев «Баатыр эне» ордени менен сыйланган аялдарга мамлекеттик кызматка орношуу учурунда кошумча жеңилдиктерди берүү маселесин да көтөрдү.