Нурказым уулу Асангелди 1-Май айылынын тургуну, ал кыргыз күрөшү менен 11 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Ал спортко болгон кызыгуу курак чоңойгондо башталганын айтты. Анын жолунда өмүрлүк машыктыруучусу чоң роль ойногон, анын кеңештери жана ишеними ар дайым алдыга аттоого дем берген.
2019-жыл Асангелди үчүн өзгөчө жыл болгон. Ал Кыргызстан чемпионатында ийгиликтүү чыгып, улуттук курамага кирди. Ошол жылы Бишкекте өткөн Кыргыз күрөшүнөн Азия чемпионатында биринчи орунду жеңип алып, ата мекенине баалуу жеңишти алып келди. Бул анын спорттук карьерасындагы эң маанилүү жетишкендиктеринин бири.
Бирок спорттук жол дайыма жеңүү менен коштолбойт. Катуу жаракаттан улам ал эки жылга чоң спорттон балагынан чыгып калууга туура келген. Бирок Асангелди ага баш ийбей, ден соолугун калыбына келтирип, машыгууларын кайра баштаган жана 2023-жылы кайра улуттук курамага кирген.
Андан кийин эл аралык мелдештерге катышып баштаган. 2024 жана 2025-жылдардагы дүйнө чемпионаттарында күч сынашып, 2025-жылы Индияда өткөн Бел боо күрөшүнөн Азия чемпионатында экинчи орунду алып, Кыргызстанга күмүш медалды алып келген.














