NAGA World Grappling & BJJ Championship турнири 10-октябрда Лос-Анджелесте (Калифорния штаты) өттү. Бул мелдеш грэпплинг жана бразилиялык жиу-житсу боюнча эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу мелдештердин бири болуп саналат.
Нурдин Бекташов GI (кимонодогу) дисциплинасында кочкул көк кур ээлеринин арасында 77 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Ал америкалык спортчу Телин Стронгду эки жолу жеңип, чемпиондук курду жеңип алды.
Бекташов ошондой эле NO-GI (экипировкасыз) дисциплинасында да катышып, мында 5-орунду ээледи. Бул дисциплинада балбандар атайын кийимсиз күрөшүшөт.
Турнирдин жыйынтыгы
- GI дисциплинасы, кочкул көк кур, 77 кг: 1-орун, чемпиондук кур
- NO-GI дисциплинасы: 5-орун













