Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунан кайтып келген балбан Акжол Махмудов Номад ТВ каналына маек берип, мелдештин жыйынтыктары жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди.

Спортчунун айтымында, Астанадагы чемпиондукта беттештер оор өткөн. Ошентсе да коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгү болгон.

Дүйнө чемпиондугу жыл сайын өтөт, бирок менин башкы максатым — Олимпиада оюндарында жеңишке жетүү
Акжол Махмудов, балбан
Ранее по темеДүйнө чемпионатынан кайткан кыргыз балбандарын аэропорттон тосуп алышты

Махмудов учурда олимпиадалык циклге даярдык көрүүгө басым жасап жатканын кошумчалады. Бул анын спорттогу эң чоң максаты экенин белгиледи.